Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2009.26.01 № 57 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 21-беренеге карата эскертүүнүн биринчи абзацы «мамлекеттик органдардагы администрациялык-чарбалык функциялар» деген сөздөрдөн кийин «мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында контролдук-көзөмөлдөөчү функциялар» деген сөздөр менен толукталсын; 2. 27-берененин 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын. «7) ишти же иштин белгилүү бир түрүн токтотуу жана/же объектини алгачкы абалына келтирүү». 3. 30-берененин бешинчи бөлүгүндегү «кызмат адамдарынаэсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө» деген сөздөр «кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 4. 31-берене «жарандарга» деген сөздөн кийин «юридикалык жактарга» деген сөздөр менен толукталсын. 5. 35-беренеде: - «орган (кызмат адамы) тарабынан компетенциясынын чектеринде» деген сөздөр алып салынсын: 6. 43-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8) пунктча менен толукталсын: «8) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын контролдук же көзөмөлдүк иш-милдеттерди аткаруучу кызмат адамы администрациялык укук бузууну жасашы»; 7. 48-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «48-берене. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Администрациялык укук бузууну жасаган адам администрациялык укук бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдетүү. Күнөөлүү адамдын бул зыяндын ордун толтуруп берүү маселеси өлчөмүнө карабастан сот (судья) аркылуу чечилет. Судья администрациялык укук бузуу ишин караганда, эгерде мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча талап болбосо, администрациялык жазаны берүү менен бирге, мүлктүк зыяндын ордун толтуруу маселесин чечет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|