Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2008-жылдын 25-декабрындагы № АД-000092/08 МИ токтому
№ 07-460/08.АД иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Максимбекова Д.И., Аманалиева Б.К. (баяндоочу-судья), сот отурумунун катчысы: Малабаева Н., тараптар: Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы - Абдуллаев Дж., Джудемушев Т.Т., анын өкүлдөрү - Койчуманов Э.Т., Бекбасаров Р.Б., соттун ачык отурумунда Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн Ысык-Көл областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 3-октябрындагы чечимине келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал чечим менен биринчи инстанциядагы соттун чечими алынып салынып иш боюнча жаңы чечим кабыл алынуу менен Т. Джудемушевдин арызы жарым-жартылай канааттандырылып, Түп райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы балдардын мурдагы пульмонологиялык санаторийинин имаратынын батыш жагындагы бир бөлүгүнө 0,50 га жер аянты менен Т. Джудемушевдин менчик укугун каттоо милдеттендирилген, ал эми Т. Джудемушевдин аталган имараттын батыш тарабындагы бөлүгүнө менчик укугун таануу талабы канаттандыруусуз калтырылган (судьялар: Онолбеков Д., Рыскулова А., Буурабаева Д.), Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 6-августундагы чечими менен Ысык-Көл айыл өкмөтү менен Т. Джудемушевдин ортосунда түзүлгөн Ысык-Көл айылында жайгашкан балдардын пульмонологиялык санаторийинин батыш тарабындагы бөлүгүн 0,50 га жер аянты менен 15 755 сомго сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Т. Джудемушевдин жеке менчик укугун каттоону Түп райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгын милдеттендирүү жөнүндөгү Т. Джудемушевдин талабы канааттандыруусуз калтырылган. Ал эми Т. Джудемушевдин аталган имараттын батыш тарабындагы бөлүгүнө менчик укугун таануу талабы кароосуз калтырылган (төрагалык кылуучу: Даркимбаев Т.К.), баяндоочу-судья Б. Аманалиеванын иш боюнча берген маалыматын, тараптардын пикирлерин угуп, ТАПТЫ: Жаран Джудемушев Турдубек Тапаевич Ысык-Көл областынын райондор аралык сотуна Ысык-Көл айыл өкмөтүндө жайгашкан балдардын мурдагы пульмонологиялык санаторийинин имаратынын батыш тарабындагы бөлүгүнө 0.50 га жер аянты менен анын жеке менчик укугун таанып, аталган мүлккө анын укугун катгоо жагын Түп райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирүү жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|