Долбоор Кыргыз Республикасынын
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-сентябрындагы №439 Токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген
Бул Мыйзам мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит жүргүзүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат жана аны түзүүнүн жана иштешинин принциптерин белгилейт.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-статья. Кыргыз Республпкасынын ички аудит тармагындагы мыйзамдары 1. Кыргыз Республикасынын ички аудит тармагындагы мыйзамдары мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит системасын түзүүнүн жана анын иштешинин укуктук жана методологиялык негиздерин аныктоочу ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу башка нормативдик укуктук актылардан турат. 2. Башка мыйзамдардагы жана нормативдик укуктук актылардагы ички аудит маселесине тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Башка мыйзамдардын ички аудит маселесин жөнгө салуучу нормалары ушул Мыйзамдын нормаларына каршы келсе ушул Мыйзамдын нормалары жарактуу болот. 3. Эгер белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде бул Мыйзамдагыдан башка нормалар белгиленсе, эл аралык келишимдин жоболору жарактуу болот.
2-статья. Бул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жана максаты 1. Бул Мыйзамдын күчү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жана мекемелерине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарына жана алардын ведомстволук уюмдарына жана мекемелерине карата колдонулат. 2. Бул Мыйзамдын максаты төмөнкүдөй: 1) мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудиттин принциптерин аныктоо; 2) мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит тармагындагы компетенцияларын аныктоо; 3) ички аудиттин стандарттарын жана методологиясын иштеп чыгуу боюнча жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды аныктоо.
3-статья. Бул Мыйзамда колдонулчу түшүнүктөр Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|