Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 243 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген
1-берене. «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2009-жыл, 27-январь, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. 1-беренеде: биринчи бөлүктөгү «44616805,7», «48105805,7», «3432707,7» деген цифралар тийиштүү түрдө «48019574,5», «52124748,1», «4105173,6» деген цифраларга алмаштырылсын; экинчи бөлүктөгү «3489000,0» деген цифралар «4105173,6» деген цифраларга алмаштырылсын; үчүнчү бөлүктөгү «3489000,0» деген цифралар «4105173,6» деген цифраларга алмаштырылсын; 2. 5-берененин биринчи бөлүгүндөгү «4650749,5», «6640796,4» деген цифралар тийиштүү түрдө «4590689,5», «7917161,1» деген цифраларга алмаштырылсын. 3. 7-берененин биринчи бөлүгүндөгү «жана областык маанидеги шаарларды» деген сөздөр «маанидеги Бишкек жана Ош шаарларын» деген сөздөргө алмаштырылсын. 4. 10-беренедеги «2009-жылдын 1-январы» деген сөздөр «2010-жылдын 1-январы» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 5. 11-беренедеги «181944,0» деген цифралар «226798,2» деген цифраларга алмаштырылсын. 6. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «12-берене. Төмөнкү жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрдөн чегерүү ченеми 2009-жылга бекитилсин: - республикалык маанидеги шаарларга - 35 процент; - облустук маанидеги шаарларга - 30 процент; - райондук маанидеги шаарларга - 30 процент; - райондорго - 30 процент (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен). Сатуудан түшкөн салыктар төмөнкү жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин: - республикалык маанидеги шаарларга - 50 процент; - облустук маанидеги шаарларга - 50 процент; - райондук маанидеги шаарларга - 20 процент; - райондорго - 25 процент (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен); Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|