Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-майындагы № 237-б буйругуна ылайык долбоору жактырылды
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү, кыргыз жана түрк элдеринин тилдеринин, маданиятынын, салтынын жана тарыхынын жалпылыгынан келип чыккан достук мамилелерин чыңдоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү калоолорун билдиришип, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана коргоо, азыркы жана келечек муундардын ден соолугу жана бакубаттуулугу үчүн туруктуу өнүгүүнүн жолдорунун маанилүүлүгүн түшүнүп, айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын сактоонун илимий, техникалык жана технологиялык аспекттери боюнча тыгыз кызматташуунун зарылчылыгын белгилөө менен, Тараптардын мамлекеттеринин тиешеси бар эл аралык укуктун жана кеп тараптуу экологиялык макулдашуулардын бардык жерде кабыл алынган нормаларын жетекчиликке алып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу жана жаратылышты коргоо максатында Тараптар калыстыктын, өз ара жактыруунун жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде билим, тажрыйба жана технологияларды берүү аркылуу кызматташат.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында төмөнкү багыттар боюнча кызматташат: - энергетика жана өнөр жай ишканаларынан атмосферага келтирилген булганычты азайтуу жана ага мониторинг жүргүзүү; - айлана-чөйрөгө болгон таасирди баалоо; - стратегиялык экологиялык баалоо; - суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу; - жайыттардын сапатын жакшыртуу; - суулуу-саздуу жерлерди коргоо жана башкаруу; - өзгөчө корголуучу аймактарды эл аралык критерийлерге ылайык келтирүү; - экотуризм; - биотүрдүүлүк жана жаратылыш ресурстарын башкаруу; - кыртыш эрозиясын контролдоо жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү; - климаттын өзгөрүшү; - энергия булактарын жаңыртуу; - токой чарбасы жана өсүмдүктөрдү жасалма жол менен өстүрүү; - экологиялык билим жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу; - Тараптардын өз ара кызыкчылыктарын козгоочу башка багыттар.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|