Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы № 395 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынуучу чөйрө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтын (мындан ары - Мамлекеттик кызмат) уюштуруу жана иштөө тартибин аныктайт жана ушул Мыйзамда аныкталган банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Мамлекеттик кызмат, банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик кызмат, банктан тышкаркы финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана аныктамалар: Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн аффилирленген жагы - Аткаруучу кеңештин мүчөсү кабыл алуучу чечимге тике жана (же) кыйыр, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчү менен таасир эте алуучу ар кандай жеке же юридикалык жак. Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн аффилирленген жагы деп анын жакын туугандары, ошондой эле ал же анын жакын туугандары, же ал өзүнүн жакын туугандары менен биргелешип акциялардын бир же андан ашык пайызына (үлүшүнө), жүгүртүүдөгү облигацияларга ээлик кылган юридикалык жактар милдеттүү түрдө эсептелинет; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|