Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2008-жылдын 2-сентябрындагы
Көзөмөл өндүрүшү № 07-214/08 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Аманалиева Б. К., судьялар: Максимбекова Д. И., Усенов А. Т., сот отурумунун катчысы: Абышов Б., тараптардын катышуусуз ачык сот отурумунда «Чойбек» фермердик чарбасынын Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 2-апрелиндеги аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирилген арызы боюнча ишти карап, Нарын областтык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 2-мартындагы чечими менен жоопкердин пайдасына 201 045 сом «Чойбек» фермердик чарбасынан күрөөгө коюлган ири мүйүздүү малдан 32 баш, МТЗ-80 трактору жана Д-606 трактору тараптардын баалосу менен баардыгы 229 000 сомго бааланган мүлкү жана Кыргыз Республикасынын бюджетине мамлекеттик алым 8 542 сом өндүрүлгөн. Нарын областтык райондор аралык сотунун 2008-жылдын 7-февралындагы аныктамасы менен Нарын областтык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 2-мартындагы чыккан 201 045 сом өндүрүү жөнүндөгү чечимдин мөөнөтү 2008-жылдын 7- августуна чейин узартылган.
(Төрагалык кылуучу: Курманбаев Ж. А.)
Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 2-апрелиндеги аныктамасы менен Нарын областтык райондор аралык сотунун 2008-жылдын 7-февралындагы аныктамасы жокко чыгарылган.
(Судьялар: Бактыгулов Б., Байышов М, Койгелдиев Ж.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы А. Усеновдун баяндамасын угуп, соттук коллегия тапты: Доогер Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусу Нарын областтык райондор аралык сотуна доо арызы менен кайрылып, анда «Чойбек» фермердик чарбасынан 201 045 сом карызын мүлкүнүн эсебинен өндүрүп берүүнү суранган. Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөндөй соттук актылар кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|