Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2008-жылдын 10-апрелиндеги № АД-000108\07мо токтому
Көз. өнд. № 07-069/08ЛД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Аманалиева Б.К. судьялар: Садыков Э.Э., Мамбеталиева А.Ж., (баяндамачы-судья), тараптар: Карабалаев К.Д. анын өкүлүМуратбаев К.Н.; Калматова Б.А. соттук отурумдун катчысы: Б. Касымованын катышуусу менен, ачык соттук отурумда доогерлер Карабалаев Кожомберди жана Карабалаев Примбердиним Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнө, Карабалаев Чынбердиге карата, Мырза-Аке айылдык кеңешинин 28.12.1993-жылдын № 95 чечимин, 15.04.1998-жылдым № 12 чечимин, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 15.01.2007-жылдын № 03 токтомун, 20.02.2006-жылдын № 27 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 17-декабрындагы чечимине карата көзөмөл тартибинде келтирилген К. Карабалаев жана П. Карабалаевдин даттануусун карады. Ал чечим мснен Ош областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 24-сентябрындагы ушул иш боюнча чечими алынып салынган. Доо арыз тиешелүү доогерлер тарабынан берилбегендиктен өндүрүштөн кыскартылган. (Судьялар: Темирбаева Т.Т., Каримова Р.А., Жумаев Ж.К.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы А. Мамбеталиеванын баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы аныктады: Доогерлер Карабалаев Кожомберди жана Карабалаев Примберди Ош областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, анда, Мырза-Аке айылдык кеңешинин 28.12.1993-жылдын № 95 чечимин, 15.04.1998-жылдын № 12 чечимин, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 15.01.2007-жылдын № 03, 20.02.2006-жылдын № 27 токтомдорун жокко чыгарып берүүнү сурашкан. Ош областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 24-сентябрындагы чечими менен доо арыздар жарым-жартылай канааттандырылган. Мырза-Аке айылдык кеңешинин 1998-жылдын 15-апрелиндеги № 12 чечими, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 27, 2007-жылдын 15-январындагы № 03 токтомдору, аталган чечим, токтомдор кабыл алынган мезгилден баштап жараксыз деп табылган. Мырза-Аке айылдык кеңешинин 1993-жылдын 29-декабрындагы № 95 чечимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы канааттандыруусуз калтырылган. Талаш турак үйлөрдү доогерлердин менчиги деп табуу бөлүгүпдөгү доо арыз кароосуз калтырылган. Ош областтык соту тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук акт кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|