Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 10-июлундагы
№ 06-00220/09 АД-Көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу судья Аманалиева Б.К. жана судьялар: Садыков Э.Э., Жороев К.Ж. катчы Абышов Б.К. тараптар С.Парпиеванын өкүлдөрүЖ.Парпиева, Б.Назарбаев (табыштоо-ордери № 52 09.07.2009ж.), Б.Садыков жана анын жактоочусуН.Корниенконун (табыштоо-ордери № 936 10.06.2009ж.) катышуусу менен ачык соттук отурумда Б.Садыковдун өкүлүX.Журахановдун Жалал-Абат областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 8-февралындагы чечимине, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 26-мартындагы аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды. Жалал-Абат областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 8 февралындагы чечими менен доогер С.Парпиеванын доо арызы толугу менен канааттандырылып, Сузак айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-январындагы № 1177-токтому жараксыз деп табылып, Сузак айыл өкмөтүнөн доогердин пайдасына 10 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. (Төрагалык кылуучу судья Алаев М.А.) Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 26-мартындагы аныктамасы менен Жалал-Абат областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 8-февралындагы чечими күчүндө, ал эми кассациялык арыз канааттандыруусуз калтырылган. (Төрагалык кылуучу судья Темирбаева Т.Т., судьялар: Арапбаев Н.М. жана Жумаев Ж.К.). Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К.Жороевдин баяндамасын, Б.Садыков жана анын жактоочусу Н. Корниенконун көзөмөл тартибинде келтирген даттанууну канааттандырып, ал эми С.Парпиеванын өкүлдөрү - Ж.Парпиева жана Б.Назарбаевдин жогоруда аталган даттанууну канааттандыруусуз калтырып берүү жөнүндөгү пикирлерин угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|