Кыргыз Респуликасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 3-июлундагы № АД-11/09.МД токтому
№ 06-00269/09.АД - көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегнясы курамында төрагалык кылуучу судья Аманалиева Б.К., жана судьялар: Максимбекова Д.И., Сыдыков О.С., сот отурумунун катчысы: Б.Абышев, тараптар: З.Азизованын ыйгарым өкүлүА.Кудайбердиевдин (2009 жылдын 3-июлундагы № 55-табыштоо ордеринин негизинде) жана А. Сабитовдун өкүлү - Я.Сабитованын (паспорт № А0885064) катышуусу менен соттун ачык отурумунда жаран А.Сабитовдун Жалалабат шаарынын мэриясына, З.Азизовага карата келтирген Жалалабат шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6-сентябрындагы № 1327 - токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 14-апрелиндеги аныктамасына карата келтирилген З.Азизованын көзөмөл иретиндеги даттануусу боюнча административдик ишти карады. Ал аныктама менен Жалалабат областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 2-мартындагы аныктамасы алынып салынып, иш кайра кароого ошол эле сотко жиберилген. (соттук актыны кабыл алган судьялар: Осмоналиев К.Т., Иманкулов Э.Т., Чаканов Э.С.) баяндоочу-судья О.Сыдыковдун иш боюнча берген маалыматын жана сот отурумуна катышкан тараптардын көрсөтмөлөрүн угуп,
ТАПТЫ:
Жаран Сабитов Алымжан Жалалабат областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Жалалабат шаардык мэриясынын 2008-жылдын 6-сентябрындагы № 1327 - токтомун жараксыз деп таап берүүнү суранган. Арызда, Жалалабат шаарынын, Барпы (мурдагы Октябрьская) көчөсүндө жайгашкан № 250 турак-жайдын 2/3 бөлүгү 1986-жылдын 4-ноябрындагы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мурас укугу тууралуу күбөлүктүн негизинде энеси X.Мирзоевадан өзүнө мураска өткөндүгү, ал эми 1/3 бөлүгү Азизова Зухрага өткөндүгү, ошого карабастан Жалалабат шаардык мэриясы турак-жайды толугу менен Азизова Зухрага таандык деп мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы көрсөтүлүп анын койгон талаптарын канаатгандыруу суралат. Жалалабат областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 2-мартындагы аныктамасы менен А.Сабитовдун арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган. (Терагалык кылуучу: Айжигитов А.) Апелляциялык сот тарабынан жогорудагы соттук актысы кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|