Долбоор
Экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-сентябрындагы № 326-б буйругу менен жактырылды
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Латвия Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулушуп, Тараптардын ортосундагы экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызматташтыкты күчөтүүнү, колдоону жана өнүктүрүүнү, ошондой эле алардын соода жүргүзүүсүн кеңейтүүнү жана түрдүүлөөнү каалашып, теңдик, өз ара кызыкчылык жана эл аралык укук принциптерин жетекчиликке алышып, Латвия Республикасынын Европалык Союзга мүчө болушун эске алышып, бир тараптан Европалык Союз менен ага мүчө өлкөлөрдүн жана экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орноткон 1995-жылдын 9-февралындагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун шарттарын көңүлгө алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Максаттар
1. Улуттук мыйзамдарды урматтоо жана эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен Тараптар өз компетенцияларынын чектеринде өз ара пайдалуу негизде жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө экономикалык, өнөр жай, илимий жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүшөт, күчөтүшөт жана диверсификациялашат. Бул Макулдашууну колдонууда Латвия Республикасы анын Европалык Союзга мүчөлүгүнөн келип чыккан бардык милдеттенмелерин сактайт. 2. Атап айтканда мындай кызматташтыктын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет: i) Тараптардын ортосундагы экономикалык байланыштарды күчөтүү жана диверсификациялоо; ii) инвестициялар, биргелешкен ишканалар үчүн жана алардын ортосундагы башка кызматташтыкка жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишканалардын, анын ичинде кичи жана орто ишканалардын кызматташуусуна көмөктөшүү.
2-статья. Колдонуу чөйрөсү
1. 1-статьяда аталган кызматташтык төмөнкү чөйрөлөргө таркатылат: (i) өнөр жай; (ii) илим, технологиялар жана инновациялар; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|