Долбоор
Товарларды автомобиль транспорту менен транзиттик ташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасыньш Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-февралындагы № 82-б токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, 1998-жылдын 22-январындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин аймагы аркылуу транзиттин бирдиктүү шарттары жөнүндө Макулдашууга негизденип, 2000-жылдын 17-февралындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда ташылуучу товарларга жана транспорттук каражаттарга бажылык контролдук жөнүндө Протоколдун жоболорун аткаруу үчүн, транзиттик товарларды өз аймактары боюнча автомобиль транспорту менен ташууну тездетүүгө умтулуп, эл аралык ташуулардын шарттарын жөнөкөйлөтүүгө ниеттенип, эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалап, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 1995-жылдын 10-февралындагы Бажы мыйзамдарынын негиздеринде аныкталган терминдерге ылайык келет.
Ушул Макулдашуунун күчү товарларды автомобиль транспорту менен Тараптардын мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик ташууга карата жайылтылат. Ушул Макулдашуу 1975-жылдагы Эл аралык жолдо ташуу китепчеси колдонулган жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө Бажы конвенциясына ылайык жүзөгө ашырылып жаткан товарларды ташууга жайылтылбайт.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдары: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кызматы департаменти; Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик кирешелер жана жыйымдар министрлигинин Бажы департаменти болуп саналат. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий аталыштары же функциялары өзгөргөндө, Тараптарга дипломатиялык каналдар боюнча өз убагында кабарланат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|