Долбоор
Кыргыз Республикасынын чегара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жагында
КР Өкмөтүнүн 2006.23.06. № 345-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, достук мамилени бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү ниетинде, тышкы чегаралардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө интеграциялык процесстерди жолго салууга жана тереңдетүүгө умтулуп, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин тышкы чегараларын ишенимдүү кайтаруу үчүн чегара аскерлеринин кесиптик жактан даярдалган аскердик кадрлардын чечүүчү мааниси бар экендигин түшүнүп, 1995-жылдын 3-ноябрындагы Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин чегара аскерлери үчүн аскер кадрларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатууда кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 1-статьясын жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Казакстан Тарап кыргыз Тараптын Чегара аскерлеринин аскер кызматкерлерин Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин: Казакстан Республикасы, Алматы шаары, Достык проспекти, 103 дареги боюнча жайгашкан Аскердик институтуна (мындан ары - УККнын Аскердик институту) жыл сайын сүйлөшүлгөн санда, адистиктер боюнча жана Тараптар макулдашкан мөөнөткө окутууга кабыл алат. Макулдашуунун жыйынтыктары контракт менен таризделет.
Бул Макулдашуунун аткарылышына Тараптардын жооптуу ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүлөр болуп саналат: кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы; Казакстан Тараптан - Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети. Жогоруда аталган ыйгарым укуктуу органдардын аталышы же функциясы өзгөрүлгөн учурда Тараптар өз убагында дипломатиялык каналдар боюнча маалымдашат.
Аскер кызматкерлерин окууга кабыл алуу кыргыз Тараптын жыл сайын жиберилүүчү жазуу түрүндөгү табыштамасына, Казакстан Тараптын сунушуна жана мүмкүнчүлүгүнө ылайык жүргүзүлөт. Табыштама окуу башталганга 6 ай калганга чейин жөнөтүлөт. Табыштамада окутуунун адистиги, ар бир адистик боюнча өзүнчө талапкерлердин саны жана талапкерлердин окуу билим деңгээли көрсөтүлөт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|