Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону даярдоого
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 17-октябрындагы № 468 Жарлыгы менен 2005-жылдын 18-декабрына айылдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоодайындалган. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 15343,0 миң сом суммасында чыгымдар сметасы түзүлдү. Шайлоо мезгилине 43 райондук, шаардык жана 1420 учаскалык шайлоо комисясы түзүлгөн. «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 50-статьясына ылайык шайлоо комисияларына төмөнкүдөй чыгымдар каралган: шайлоо комисияларынын мүчөлөрүнө («Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 16-статьясы) жана тартылган адистерге кошумча акы төлөө; шайлоо комисиялары менен байланышты камсыздоого; добуш берилүүчү имарат жайларды жасалгалоого; жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо комисияларынын материалдарын жарыялоого; транспорттук чыгымдарга; шайлоо комисияларынын мүчөлөрүнө даттанууларды, арыздарды текшерүү үчүн жержерлерге барууга, шайлоо комисияларынын шайлоого даярдыгын текшерүү боюнча ишсапарлары үчүн жол чыгымдары; шайлоо комисияларынын жыйындарына катышуу үчүн шайлоо комисияларынын мүчөлөрүнүн жол жүрүү чыгымдарына; шайлоо комисияларынын мүчөлөрү үчүн семинарларды өткөрүүгө чыгымдар; канцеляриялык чыгымдар; шайлоо комисияларынын мүчөлөрү үчүн шайлоо күнүнөн мурунку күнгө, шайлоо күнүнө суткалык чыгым, шайлоо күнү аларды тамактандырууга чыгымдар, ошондой эле шайлоо комисияларынын ыйгарым укуктарын жана ишаракеттерин камсыздоого байланыштуу башка да чыгымдар. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|