Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-октябрындагы № 734 токтому менен бекитилген
2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн «Меймандос
Азыркы туристтик индустрия дүйнөлүк экономиканын ири киреше берүүчү жана кыйла ыкчам өнүгүп келаткан тармактарынын бири болуп саналат. Туризм чөйрөсүндөгү жумуш орундарынын саны 200 миллионго жакынды же дүйнөдөгү иш менен камсыз болуунун жалпы көрсөткүчүнүн 8 процентин түзөт. Дүйнөлүк туристтик уюмдун жана Эларалык валюта фондунун маалыматтары боюнча туризм 1998-жылдан тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүнү дүйнөлүк экспорттоодо биринчи орунга чыкты (7,9 %). Туризмдин орточо өсүш темпи бүтүндөй дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн орточо жылдык темпинен кыйла жогору. Туризм дүйнөлүк ички дүң продуктунун жалпысынан 3,8 процентин жана экономиканын аралаш тармактарын өнүктүрүүгө кыйыр таасирди эске алуу менен 10 проценттен ашыгын берет. Дүйнөлүк туристтик уюмдун божомолу боюнча жакынкы он жылда туризм чөйрөсүндө экономикалык өсүш темпи сакталып калат. Кыргызстандын туристтик индустриясын өнүктүрүү өлкөнүн тарбигый ресурстарынын кыйла ар түрдүүлүгүнө негизделет, ал туризмдин ички өнүгүшү, ошондой эле Кыргызстандын туризм өлкөсү катары кадыр-баркын калыптандыруу үчүн зор экономикалык фактор болуп калат жана болуп калууга тийиш. Орун алган тенденцияларды эске алганда Кыргызстанда эларалык туризм рыногуна шайкеш аралашуу жана өлкөдө туризмди дагы ыкчам өнүктүрүүгө жетишүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Туризмди туруктуу өнүктүрүү азыркы учурда туристтердин муктаждыктарын гана канааттандырууну карабастан, ошондой эле келечекте алардын таламдарын эске алууну да талап кылат, бул социалдык-экономикалык иш менен табигый чөйрөнү сактоону камсыз кылуу зарылчылыгынын ортосундагы балансты сактоону да талап кылат. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|