«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдагы иши тууралу» Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүмүнүн 9-пунктуна жана Кыргыыз Республикасынын Конституциясынын 58-статьясынын 1-пунктунун 30-пунктчасына ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдагы иши тууралу» Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н.Т.Танаевдин отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөө, банк тармагын чыңдоо жана жакырчылыкты кыскартуу, ошондой эле табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана башкалар боюнча белгилүү иш чараларды көргөнүн белгилейт. Берилген отчетко ылайык республикада ички дүң киреше 6,7 пайызга өстү, же болжолдонгондон 1,5 пайыз жогору болду, продукция өндүрүү 82,2 миллиард сом деңгээлинде күтүлсө, иш жүзүндө 834 миллиард сомдү түздү, же 1,2 миллиард сомго көп өндүрүлдү. Ошол эле мезгилде киреше алуунун жылдык планы 1023 пайызга аткарылып мамлекеттик бюджетке 15,7 миллиард сом киреше кирди, же болжолдонгон план 102,6 пайызга орундалып 4018 миллион сом ашыкча түштү. Калктын реалдуу акчалай кирешеси 6,1 пайызга өсүп, орточо эмгек акы 1901,5 сомду түздү. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|