Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер
КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 799-б буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинети, мындан ары - «Тараптар», эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү максатында, эки мамлекеттин граждандарынын өз ара барып-келүү тартибин жөнгө салууну каалоону нуска тутушуп, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1. Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары, анын ичинде үчүнчү мамлекеттерде жашап жатышкан граждандары чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу документтердин негизинде мамлекеттик чек араны кесип өткөн күндөн тартып 90 (токсон) сутканын ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына визасыс, келишет, транзит менен өтүшөт, кетишет жана анда болушат. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн болуу мөөнөтү ар бир Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык 30 (отуз) суткадан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
1. Бул Макулдашуу боюнча чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу документтер төмөнкүлөр: а) Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн: - Кыргыз Республикасынын граждандык паспорту; - дипломаттык паспорту; - кызматтык паспорту; - Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн гана); - аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жазылуу болсо); - поезд бригадасынын кызматкеринин күбөлүгү (маршрут баракчасы болгон учурда); - моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кеменин штатындагы ролу же анын көчүрмөсү бар болсо); - өкмөттөр ортосундагы фельдъегердик байланыш кызматчысынын күбөлүгү; б) Украинанын граждандары үчүн: - Украинанын гражданынын чет өлкөгө кетүү үчүн паспорту; - баланын жолдо жүрүү документи; - Украинанын дипломаттык паспорту; - Украинанын кызматтык паспорту; - моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кемедеги ролу же анын көчүрмөсү бар болгон учурда); - аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жазылган учурда); Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|