Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө» Кодекстин 10-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кайрылуусу жактырылсын. 2. Кайрылуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлүүчү референдумга даярдык көрүү иштери чечүүчү мезгилине келди: добуш берүүгө чейин саналуу гана күндөр калды. Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилүүчү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү даярдоо иштери жарым жылдан бери дээрлик кызуу жүргүзүлүүдө. Оболу Конституциялык кеңешме иштеди, андан кийин Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору жалпы элдик талкууга коюлду. Телекөрсөтүү, радиоуктуруу, гезиттер референдумга даярдануунун жүрүшү жөнүндө жарандарды такай кабарлап турду, азыр болсо Конституциянын жаңы редакциясын түшүндүрүп жатат. Референдумдун участкалык комиссиялары референдумга чакыруу кагаздарын жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөгү» Мыйзамдын долбоору басылган гезит-баракчаларды таратууда. Референдумдун материалдары, анын ичинде Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунун текстине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Президенттин Указы басылган плакаттар коомдук жайларга илинүүдө. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|