«Renton group» ЖЧКсынын баалуу кагаздарын кармоочулардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу
«Renton group» ЖЧКсынын баалуу кагаздарын кармоочулардын Кыргыз Республикасынын ЖЬгорку Кеңешинии Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарына кайрылуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 2-декабрындагы З № 1388-II токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы тууралу» маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берген маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны төмөнкүнү белгилейт: Мыйзам чыгаруу жыйынынын көрсөтүлгөн токтомун аткаруу үчүн максаты келтирген экономикалык зыянды, «Renton group» ЖЧКсынын ишине тиешеси бар кызмат адамдарынын күнөөлүүгүнүн даражасын аныктоо ж.у.с. болгон атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Бирок түзүлгөн комиссия жыйынтыктоо жыйналышы өтүп жаткан жылдын 25-майында болгондугуна карабастан бир пикирге келген эмес жана алигече тиешелүү чечим кабыл албаган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө «Renton group» ЖЧКсынын ишинин натыйжасында жапа чеккен баалуу кагаздарды кармоочуларга карыэдарды жоюунун (каражаттарды кайтарып берүүнүн) механизмин депутаттардын сунуштарын эске алуу менен бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуу да тапшырылган. Ага карабастан азыркы убакка чейин ал механизм иштелип чыгылган эмес жана ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна берилбеген. Мыйзам чыгаруу жыйынынын көрсөтүлгөн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына «Renton groop» ЖЧКсынын карыздарын жоюу боюнча кезекти баалуу кагаздарды кармоочулардын пайдасына берүү маселесин кароо, ал эми Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына «Renton group» ЖЧКсы менен байланышкан соттук процесстерге катышуу жана доогер катары соттук териштирүүлөргө демилге көтөрүү ж.б. тапшырылган. Ал ведомстволор тарабынан тапшырмалардын бири да аткарылбаган. Ал аз келгенсип, аларды аткарылбоонун негиздүү себептери берилбеген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|