«Кыргыз Республикасынын тышкы соода иш-аракеттеринин абалы жана өнүгүү келечеги, аларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри С.М.Жиенбековдун маалыматы тууралу
«Кыргыз Республикасынын тышкы соода иш-аракеттеринин абалы жана өнүгүү келечеги, аларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри С.М.Жиенбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын тышкы соода иш-аракеттеринин абалы жана өнүгүү келечеги, аларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри С.М.Жиенбековдун маалыматы эске алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин төмөндөгүлөр боюнча ишинин жетишсиздиги белгиленсин: - тышкы соода иш-аракеттерин жөнгө салуу чөйрөсүндө негизги мамлекеттик функцияларды аныктаган Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын аткаруу жагында: «Кыргыз Республикасында тышкы соода иш-аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Антидемпинг жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Коргоо иш-чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - «Ата мекендик өндүрүштөгү товарлардын тышкы рынокко чыгышын кеңейтүү жана аларды экспорттоо жана транзиттөө үчүн учурдагы тышкы тоскоолдуктарды четтетүү; - товарларды импорттоочулардын ак ниеттүү эмес атаандаштыгынан ички рынокту жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү коргоо жана Кыргызстандын экономикасына карата анын терс кесепеттерин атайын бажы алымдары же товарларды алып келүүгө ченем коюу түрүндө административдик-финансылык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу менен четтетүү. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын: 3.1. Өнөр жайынын экспортко багытталган негизги тармактары - прибор куруу, радиоэлектроника, машина куруу, жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча конкреттүү иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|