Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-апрелиндеги № 171-б буйругу
КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 13-майындагы № 234-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон
1. Барскоондогу кырсыктын залалдарын жоюу боюнча атайын эсепте турган каражаттардан Чүй областынын Ысык-Ата районундагы «Машина сыноо станциясы» айыл чарба кооперативине 705 миң сом которулсун. 2. «Машина сыноо станциясы» айыл чарба кооперативи Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Барскоон жана Тамга айыл өкмөттөрүнө буудайдын, кант кызылчасынын үрөнүн жана күйүүчү-майлоочу материалдарды алардын табыштамаларына ылайык көлөмдө жана алар көрсөткөн мөөнөттө берсин. 3. «Машина сыноо станциясы» айыл чарба кооперативинин буудайдын, кант кызылчасынын үрөнүн жана күйүүчү-майлоочу материалдарды Барскоон жана Тамга айыл өкмөттөрүн өнүктүрүү фондуна өткөрүп бериши боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-апрелиндеги № 171-б буйругу менен бекитилген
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|