Ош шаарынын Прокурорунун мыйзам бузууларды токтотуу жөнүндө сунушу тууралуу
2002-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын ысмына № 35 «Ош-3000» шайлоо округунда байкалган шайлоо жөнүндө мыйзам бузууларды Борборшайлоокомдун жыйынында кароо жана аларды жоюу боюнча чара көрүү үчүн Ош шаарынын прокурорунан № 1-15-02 сунуш түшкөн. Ал сунушта ошондой эле мыйзам бузууга жол берген округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ж.Алдашевдин жоопкерчилиги жөнүндөгү маселени кароо да айтылган. Сунушта 2002-жылдын 19-ноябрында болжол менен саат 19 да округдук шайлоо комиссиясы жайгашкан, бюллетендер, шайлоо документтери сакталган Ош шаарынын мэриясынын имаратына белгисиз адамдар киргендиги тууралуу телефон аркылуу түшкөн кабар боюнча текшерүү жүргүзүлгөндүгү көрсөтүлгөн. Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ж.Алдашев шайлоо жөнүндө Кодекстин 13-статъясынын 7-пунктунун талаптарын одоно бузуп, шайлоо бюллетендери сакталып турган имаратты өз билгениндей ачкан жана бөлөк талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусуз эле Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттыка талапкер Т.Максүтовдун адвокаты А.Акуновго 1,5 саат бою чапталып коюлган шайлоо документтерин каалаганындай ачып, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдор, шайлоочулардын тизмелери менен таанышууга жол берген. Ошол учурда шайлоочулардын тизмелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдор ачылган жана айрым участкалардын сургучтук мөөрлөрү сындырылган. Прокурордун сунушун карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы окружкомдун төрагасы Ж.Алдашев тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун төмөнкүдөй фактыларын белгилейт. Шайлоо жөнүндө Кодекстин 18-статьясынын 1-пунктуна ылайык шайлоо комиссияларынын иш-аракеттери коллегиялуулуктун негизинде ишке ашырылат. Демек, каралган ыйгарым укуктарды, анын ичинде 13-статьянын 2-пунктунун 12-пунктчасында белгиленген ыйгарым укуктарды (участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине түшкөн арыздарды, даттанууларды кароо) ишке ашыруу коллегиялуу түрдө ишке ашырылат. Бул учурда округдук комиссиянын төрагасы жеке өзүнүн каалоосу боюнча ал статьянын талабын бузган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|