Долбоор
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин абадан кол салуудан коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнө
КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 176-б буйругуна ылайык бекитилди
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү, 1993-жылдын 5-июлундагы аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Келишимге, 1996-жылдын 16-январындагы Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигине мамлекеттердин аба мейкиндигин коргоо Концепциясы жөнүндө Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечимине негизденип, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын биргелешип аракеттенүү жана аларды күжүрмөн абалда кармап туруу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Макулдашуунун максаттарында төмөнкү терминдер колдонулат: 1. «Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу органы» - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги. 2. «Россия Тараптын ыйгарым укуктуу органы» - Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги. 3. «Аскердик полигон» (мындан ары - полигон) - күжүрмөн ок атуулар үчүн авиациялык жана ракеталык (зениттик артиллериялык) бөлүктөрдүн машыгууларын өткөрүшүнө арналган үстүндө аба мейкиндигинен турган Россия Федерациясынын аймагындагы жабдылган жер участогу (акваториясы). 4. «Жабдылган полигон» - радиолокациялык, байланыш жана объективдүү контролдук кылуу каражаттары, курал-жарактарды жана аскер техникасын, бута комплексттерин жайгарыштуу позицияларынан турган полигондун командалык пункту. 5. «Курал-жарак жана аскер техникасы» - зениттик ракеталык (зениттик артиллериялык) жана радиолокациялык комплексттер, башкаруунун автоматташтырылган системалары, күжүрмөн ок атууларды өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин абадан кол салуудан коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнө убактылуу пайдаланууга берилген полигондун байланыш каражаттары, ошондой эле полигонго Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин абадан кол салуудан коргонуу аскерлеринин бөлүктөрү жеткирген абадан кол салуудан коргонуунун айрым каражаттары. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|