Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысынын кызмат орунуна
Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысынын кызмат орунуна талапкер Качкынбек Эмильбековдун 2001-жылдын 30-ноябрындагы арызын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызмат орунуна талапкер К.Эмильбековду каттоону алып салуу жөнүндө райондук шайлоо комиссиясынын 2001-жылдын 28-ноябрындагы чечимин, Борборшайлоокомдун комиссиясынын справкасын, сунушталган документтерди, ошондой эле К.Эмильбековдун, округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы С.К.Умаралиевдин түшүндүрмөлөрүн карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт: К.Эмильбеков райондук шайлоо комиссиясынын 2001-жылдын 20-ноябрындагы чечими менен Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысынын кызмат орунуна талапкер болуп катталган. Райондук шайлоо комиссиясы өзүнүн 2001-жылдын 28-ноябрындагы чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызмат орунуна талапкер К.Эмильбековду каттоону алып салган, аны К.Эмильбеков кызмат орунунан бошотуу жөнүндө раймамадминистрациянын башчысынын ысмына арыз бербей, шайлоо жөнүндө Кодексти бузган деп түшүндүргөн. Эмильбековдун түшүнүк каты боюнча ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын милдеттерин аткаруудан бошотуу жөнүндө 2001-жылдын 20-ноябрында раймамадминистрациянын башчысынын ысмына арыз берген. Борборшайлоокомдун комиссиясынын суроосуна Сокулук раймамадминистрациясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы Р.Пак раймамадминистрациянын башчысынын ысмына Эмильбековдон арыз түшкөн эмес деп жооп берген. Бирок бул жооптун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк болбоду, себеби Р.Пактын айтышы боюнча андай арыздар жетекчиге каттоодон өткөрүлбөй эле бериле берет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|