Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Таджикистан Республикасынын Өкмөтүнүн
КР Өкмөтүнүн 2000.18.01. № 8-б буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Таджикистан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталышып, Таджикистан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты теңдик жана өз ара пайдалуулуктун негизинде өнүктүрүүгө умтулушуп, КМШ мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги эркин сооданы түзүү жөнүндөгү Макулдашууну, ошондой эле 1999-жылы 26-февралдагы бир өңчөй экономикалык мейкиндик жана Бажы кошууну жөнүндөгү Келишимди жетекчиликке алышып, дүйнөлүк сооданын гармониялык өсүшүнө жана өнүгүшүнө чечкиндүү жардамдашууну, анын өнүгүү жолундагы тоскоолдуктарды четтетүүнү билдиришип, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1. Башка Тараптын бажы аймагы үчүн дайындалган жана кайсы бир Тараптын аймагынан чыккан, экспорт жана импортко эквиваленттүү кыймылы бар товарлардан Тараптар бажы салыктарын алышпайт. 2. 1993-жылдын 24-сентябрындагы Көз Каранды эмес Шериктеш Мамлекеттеринин Өкмөттөрүнүн Башчыларынын Кеңешинин Чечими менен бекитилген, товарларды чыгарган өлкөнү аныктоонун Эрежелери менен аныкталган товарлар - бул Макулдашуунун максаттары үчүн түшүндүрүлөт.
Тараптар: - үчүнчү өлкөлөрдөн чыккан, ички өндүрүштүн окшош товарларына салынуучу ылайыктуу салыктардан жана чогултуулардан ашырылып, бул Макулдашуунун кыймылы астына кирүүчү товарлардан түз же кыйыр салык алышпайт; - бул Макулдашуунун кыймылы астындагы товарлардын экспорт же импортуна карата мындай учурларда үчүнчү өлкөлөрдөн чыккан ички өндүрүштүк окшош товарларга колдонулбаган кандайдыр-бир атайын чектерди жана талаптарды киргизишпейт; - башка Тараптан чыккан товарларды чогултууга, жүктөөгө, сактоого, ташууга карата, ошондой эле төлөм эрежелерине мындай учурларда менчик же өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга колдонула тургандан башкача эрежелерди колдонушпайт.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|