Долбоор
Өсүмдүктөрдүн карантини тармагындагы кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын
КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-ноябрындагы № 420-б буйругу менен жактырылды
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинети, карантиндик организмдерди ташып келүүнү жана жайылтууну четке кагууда кызматташтыктын маанилүү экендигин түшүнүшүп, өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташтыкты улантууну жана кеңейтүүнү, мамлекеттик карантиндик иш-чараларды камсыз кылууну каалагандыктарын жетекчиликке алышып, Тараптардын ортосундагы контракттарды ишке ашырууда жана чарбалык соода байланыштарын өнүктүрүүдө карантиндик организмдерди ташып келүү жана жайылтуудан Украина менен Кыргыз Республикасынын аймактарын өз ара коргоо таламдарына таянышып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Бул Макулдашууда келтирилген терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ: - «карантиндик организмдер - өлкөлөрдүн аймактарында болбогон же анча көп эмес тараган бирок өсүмдүктөр менен өсүмдүк продукцияларына кыйла зыян келтириши мүмкүн болгон зыянкечтер, өсүмдүктөрдүн ооруларын козгоочулар жана чырмооктор, - «карантиндик материалдар» - таралышына көмөктөшүүчү же алардын жардамы менен карантиндик организмдер таралышы мүмкүн болгон ар кандай материалдар (үрөн, көчөттөр, өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү, өсүмдүк тегиндеги башка продукциялар).
2-статья.
Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча иштерди координациялоочу Тараптардын компетенттүү органдары: - Украинадан - Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик башкы инспекция; - Кыргыз Республикасынан - Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция.
3-статья.
Тараптар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналаган 1 жана 2 - тиркемеге ылайык карантиндик тизменин боюнча Тараптардын мамлекеттеринин чек араларында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча пункттар аркылуу импортто, экспортто жана транзитте карантиндик материалдарды текшерүү боюнча зарыл иш - чараларды жүргүзөт. Карантиндик материалдарды текшерүү боюнча чыгымдарды Тараптардын аймактарында кабыл алынган тарифтер боюнча жүктүн ээси тартат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|