Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын, аны даярдоо тартибин, корголуу
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-майындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 10 жана 39-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенинин формасы бекитилсин (1-тиркеме). 2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенинин корголуу даражасы аныкталсын (2-тиркеме). 3. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин тексти бекитилсин (1-тиркеме). 4. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетенин даярдооону камсыз кылуу тартиби бекитилсин (3-тиркеме). 5. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан участкалык шайлоо комиссияларына чейинки төмөн турган шайлоо комиссияларына берүү тартиби бекитилсин (4-тиркеме). 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук жана ички иштер министрликтери Бишкек шаарынын тийиштүү басмаканаларында шайлоо бюллетендерин даярдоо, шайлоо бюллетендерин тийиштүү жерлерге жеткирген транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу коопсуздугун жана шайлоо комиссияларынын имарат жайларында шайлоо бюллетендеринин сакталышын камсыз кылсын. 7. Бул токтомдун аткарылышына контроль Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы X.З.Бакировага жүктөлсүн.
2000-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетени
Өзүңүз добуш бере турган талапкерге таандык квадратка же «Бардык талапкерлерге каршы» деген сапка тиешелүү квадратка белги (V) коюңуз. Белги бирден ашык квадратка коюлган же квадраттардын бирине да коюлбаган шайлоо бюллетени жараксыз деп эсептелет.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|