|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 1999.01.02. № 63 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси 1999-жылдын «______»__________ тартып колдонууга киргизилсин.
1999-жылдын «______»___________ тартып күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргызстан Республикасынын Жер кодекси (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 254-б.); - Кыргызстан Республикасынын «Кыргызстан Республикасынын Жер кодексин бекитүү жөнүндө» Мыйзамы, (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1991-жыл, № 3, 554-б.); - Кыргызстан Республикасынын «Жер реформасы жөнүндө» 1991-жылдын 19-апрелиндеги Мыйзамы, (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1991-жыл. № 8, 253-б.); - Кыргызстан Республикасынын «Кыргызстан Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы, (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1991-жыл, № 14, 527-б.); - Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 433 «Кыргызстан Республикасынын «Жер реформасы жөнүндө» Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө» токтому, (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 3).
Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жер мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдары жана башка укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Жер кодексине каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Мында Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, мыйзамдар менен гана жөнгө салынышы мүмкүн болгон маселелер боюнча нормативдик актылары тийиштүү мыйзамдар колдонууга киргизилгенге чейин колдонулушат.
Кыргыз Республикасынын жер кодекси ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон жерге байланыштуу укуктук мамилелерде колдонулат. Ал колдонулууга киргизилгенге чейин пайда болгон жерге байланыштуу укуктук мамилелерде Кыргыз Республикасынын Жер кодекси ал колдонулууга киргизилгенден кийин пайда болгон укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|