Иштетилип бүткөн кен иштетүү ишканаларынын калдык сактоочу жайларын жана кен алынгандан кийинки тектерин (2000.19.07. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар орточо машина куруу жана түстүүёметаллургия боюнча мурдагы союздук министрликтердин республиканын аймагында жайгашкан токтоп турган кен иштетүү ишканаларынын калдык сактоочу жайларына жана кен алынгандан кийинки тектерине жакын аймактардын радиоактивдүү жана уулуу заттар менен булгануусунун алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшкөнүн белгилейт. Уран жана коргошун-цинк өндүрүшүнүн бардык калдык сактоочу жана кен алынгандан кийинки тектери инвентаризацияланган. Алардын жыл мезгилдеринин алмашуусундагы абалдары такай көзөмөлдөнүп жана мүмкүн болуучу бузулуулардын алдын алуу үчүн ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп турду. Транс чек аралык таасир тийгизүүчү калдык сактоочу жайларды жана кенден калган тектерди реабилитациялоо боюнча биргелешкен жумуштар жөнүндө түзүлгөн Өкмөттөр аралык макулдашуунун чектеринде мамлекеттер аралык координациялык жумушчу топ түзүлүп жана иштеп жатат. Коркунучтуу калдыктар сакталган аймактардын дүйнөлүк критерийлерге толук ылайык келтирилиши жана реабилитациялоо проблемасын биротоле чечүү жана алардын техникалык жактан тийиштүү абалда сакталышы үчүн орчундуу Финансылык каражат керек. Бирок андай каражаттын жоктугу азыркы учурда бул маселени толук чечүүгө мүмкүндүк бербей жатат. Калдык сактоочу жайлардын жана кен алынгандан кийинки тектердин бүтүндүгүнө байланыштуу мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн натыйжалуу чараларды көрүү жана аларды стабилдештирүү боюнча иштерди активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|