Долбоор Кыргыз Республикасынын
Калктын тукум улантуучу саламаттыгын сактоо жөнүндө
Мыйзамдын долбоору КР Өкмөтүнүн 1999.06.04. № 194 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын граждандарынын тукум улантуучу саламаттыгын сактоонун жалпы, укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктайт, коомдук мамилелерди жөнгө салат жана мамлекеттик бийлик жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын. башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын жана граждандардын Кыргыз Республикасынын калкынын тукум улантуучу саламаттыгын калыптандырууга жана чындоого катышуусун регламенттейт.
Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын калкынын тукум улантуучу саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын милдеттери
Кыргыз Республикасынын калкынын тукум улантуучу саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги милдеттери граждандардын тукум улантуучу саламаттыгын сактоого ажырагыс укугун ишке ашыруу болуп саналат.
2-статья. Колдонулуучу аныктамалар жана терминдер
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр кабыл алынат: - тукум улантуучу саламаттык - бул өнөктөш түгөйлөрдүн тукум улантуу боюнча толук сак-саламат, акыл-эс жана социалдык, ошондой эле алардын жыныстык саламаттыгын кошкондо тукумдарынын саламаттыгынын абалы; - тукум улантуу укуктары - бул тукум улантуучу саламаттыкка жана никедеги баланын төрөлүшүнө же төрөөдөн баш тартууга карата эркин чечимге келүү, ошондой эле бул чөйрөдөгү медициналык-социалдык, маалымат жана кеңеш алуу укуктары; - үй-бүлө күтүү - никедеги жубайлардын же жеке адамдардын балдардын төрөлүшү же төрөөдөн баш тартуу, балдардын саны, төрөлүү мезгили, ошондой эле коопсуз жана натыйжалуу методдорду ойлонуп тандоону жана пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндөгү маселелерди эркин жана жоопкерчилик менен чечүүсү жана ишке ашыруусу; - тукум улантуудагы көмөкчү методдор - бул адамдын тукум улантуу ишмердигине жана анын саламаттыгын оңдоого багытталган чаралардын медициналык иш чараларынын комплекси; - жалган (суррогат) эне - донордун түйүлдүгү көчүрүлгөндөн кийин боюна бүткөн аял; контрацепция (сактануу) - боюнча бүтүүдөн сактоочу ыкмалардын жана каражаттардын тизмеси; - жашыруундук - ишеничтүү түрдө жашыруун жүргөн тымызын маек; - жыныс клеткалары - жыныстык таандыгын аныктоочу клеткалар; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|