Долбоор Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-июнундагы № 364 токтомуна ылайык күчүн жоготту
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 1999.15.04. № 219 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. «Салык Кодексинде пайдаланылуучу түшүнүктөр» деген 9-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 53-бөлүк менен толукталсын. «53. Өндүрүштүк мүлктөр - өндүрүштүк максаттагы негизги фондулар, узак мөөнөттүү ижарага берилүүчү негизги өндүрүштүк каражаттар. 2. «Инвестицияларга жана экономикалык иш аракетке байланыштуу жыйынды жылдык кирешеден чыгарылууга тийиш болбогон чыгымдар» деген 87-статьянын биринчи бөлүгүнүн 3-пунктунда «ушул Кодекске» деген сөздөрдөн кийин «өндүрүштүк мүлккө салыктан башкасы» деген сөздөр менен толукталсын. 3. «Жыйынды жылдык кирешеден чыгарылууга тийиш болбогон чыгымдар» деген 105-статьянын 3-пунктунда «ушул Кодекске» деген сөздөрдөн кийин «өндүрүштүк мүлккө салыктан башкасы» деген сөздөр менен толукталсын. 4. «Кумар оюн бизнесине салык салуунун өзгөчөлүктөрү» деген 111-статья чыгарылып салынсын. 5. «Кошумчаланган нарк салыгына эсептөөнүн тартиби» деген 121-статья төмөндөгүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын: «9. Кошумчаланган нарк салыгынын нөль ставкасы менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тапшырган учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон материалдык ресурстарды сатып алгандык үчүн салык эсептелүүгө жатпайт». 6. «Бюджеттен кошумчаланган нарк салыгынын ордун толтуруу» деген 159-статьяда: экинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: «Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө сүрөттөлгөн ордун толтуруу төлөнүүгө жатпайт, эгерде: - салык салынуучу объект Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн кошумчаланган нарк салыгын төлөгөн же төлөөгө тийиш болсо: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|