Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 82 буйругу менен жактырылган
ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастардын тизмесине киргизүү үчүн
Тянь-Шандын жаңгак жемиштүү токойлору «Сары-Челек», «Кара-Алма» жана «Арстанбап» кластердик участоктору бүткүл дүйнөлүк табигый мурас катары
Номинацияланышы: Табигый эстелик. Географиялык абалы: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Тянь-Шань, Фергана тоо кыркасынын батыш капталы (Арстанбап, Кара-Алма) жана Чаткал тоо кыркасынын түштүк капталы (Сары-Челек). Учурдагы статусу: «Сары-Челек» мамлекеттик биосфералык корук, токой чарбалар: «Арстанбап» жана «Кара-Алма». Арстанбап же Кара-Алма мамлекеттик улуттук жаратылыш паркын уюштуруу маселеси каралып жатат. Тянь-Шандын жаңгак жемиштүү токойлорун Бүткүл дүйнөлүк табигый мурастардын тизмесине киргизүү үчүн негиздеме.
Объекттин мааниси.
Тянь-Шандын жаңгак жемиштүү токойлорунун (мындан ары - ТШЖЖТ) кластердик участоктору азиядагы арид региондун ичинде жана алдыңкы азия генетика борборуна кирет. Мында жаңгак, мөмө жана көптөгөн маданий өсүмдүктөрдүн алгачкы формалары бар, биомдордун көп түрлөрү: жылуу-гумиддиктен тартып ариддик жана бийик тоодогу криофиттик түрлөргө чейин топтолгон. Сунушталып жаткан биомдор түрдүк өтө ар кылдыгы жана эндемикалык түрлөрдүн рекорддук кеп санда экендиги менен мүнөздөлөт. ТШЖЖТ комплекстүү жаратылыштык аймактын кластердик участокторунан турат, алар өлчөмү жана сакталышы боюнча теңдешсиз жана бүткүл Тянь-Шань үчүн репрезентативдүү (басымдуу). ТШЖЖТ реликт жаңгак жемиш токойлордун, үчүнчү доордогу жазы жалбырактуу жаңгак токойлордун (Juglans regia) жана Шренк карагайынын кара кек ийне жалбырактуу токойлорунан (Picea schrenkiana), геологиялык көлдөрдөн жана аларда жашаган фаунадан турат. 1979-жылы ЮНЕСКОнун Комиссиясы бул региондогу айкалышкан комплекстердин уникалдуулугун эске алып, Сары-Челек коругун биосфералык резерваттардын бүткүл дүйнөлүк тармагына киргизген.
Мүмкүн болгон салыштырма анализ (ушул сыяктуу объектилердеги жаратылышты коргоонун абалын кошо камтуу менен).
ТШЖЖТнын номиналдануучу объектилери региондо Тянь-Шань үчүн табигый биологиялык түрлөрдүн кыйла байлыгы менен мүнөздөлөт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|