Долбоор Кыргыз Республикасынын
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 1998.02.06. № 322 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Бул Мыйзам калктын ден-соолугун, айбанаттарды, айлана-чөйрөнү коргоо, жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн жана мал чарба продукциясынын булганыш кесепетинин алдын алуу же аны жоюу таламдарында өсүмдүктөрдү химиялаштыруунун жана коргоонун жалпы укуктук, экономикалык, экологиялык, социалдык жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
Жалпы жоболор
1-статья. Терминдер жана аныктоолор
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: - агрохимикаттар - жер семирткичтер, тоют кошулмалары, кыртыштын химиялык мелиоранттары, тоют консерванттары, алар кыртыштын асылдуулугун, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн колдонулат, ошондой эле айыл чарба продукциясы менен жаратылыш сырьелорун кайра иштетүү жана консервалоо процесстерин өндүрүштүк-химиялык контролдоодо, агрохимиялык анализдерди жүргүзүү үчүн химиялык реактивдер, пестициддер, өстүрүүчү заттар жана жер семирткичтер; - агрохимиялык сервис - айыл чарбасын агрохимиялык тейлөөнү ишке ашыруучу өндүрүштүк ишканалар жана илимий-изилдөө, технологиялык мекемелер тармагы; - айыл чарбасын агрохимиялык тейлөө - өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасында химиялаштыруу каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий негизделген сунуштарды айыл чарба өндүрүшүнө колдонуу жана иштеп чыгуу боюнча система; - өсүмдүктөрдү коргоо үчүн биологиялык препарат - өсүмдүктөрдүн жашоосунун микроорганизми же продуктунун башталышында колдонулуучу препарат; - өсүмдүктөрдүн оорусу - фитопатогендин же айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынын таасири менен клетканын, органдардын жана бүтүндөй өсүмдүктөрдүн нормалдуу зат алмашуусунун бузулушу; - булгоочу заттар - адамдын иш-аракет процессинде биосферага түшүүчү, айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн пайда кылуучу, зыяндуу таасирлердин белгиленген нормативдеринен жогору болгон жана адамдын ден-соолугуна, өсүмдүктөрдүн, айбанаттар дүйнөсүнүн, кыртыштын, атмосфералык абанын жана суунун абалына коркунуч келтирүүчү заттар; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|