Максат - пенсиялык камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатуу
Азыркы мезгилде калктын социалдык жактан коргоо, анын ичинде социалдык пособиелердин, акчалай компенсациялардын өлчөмүн көбөйтүү жаатында план ченемдүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда эмгек акы системасын тартипке келтирүү боюнча, эмгек акынын дем берип кызыктыруучу, жөнгө салуучу жана социалдык фуякцияларын камсыздоо боюнча иштер улантылып жатат. Жүргүзүлүп жаткан түзүмдүк өзгөртүүлөрдүн натыйжасында бул чөйрөнүн өнүгүшүнүн негизги багыттарын бир топ жыл алдыга аныктаган жаңы мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Бүгүнкү күндө социалдык камсыздандыруу системасынын чыңдалышы, республиканын Социалдык фондунун статусу жана финансылык туруктуулугукун жогорулашы, көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасы десек жаңылбайбыз.
Пенсиялардын өлчөмү такай көбөйүүдө
Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо жана пенсияны инфляциядан коргоо максатында пенсиялардын өлчөмү такай көбөйүүдө. Ошол эле учурда ар кандай компенсацияларды төлөп берүү механизмдери да колго алынган. 2009-жылы пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо жана пенсияны инфляциядан коргоо үчүн Социалдык фонд пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугун чыңдоо боюнча бир катар чараларды көрдү жана пенсияны мурда белгиленгендей 15%га эмес, эки этап менен 50%га жогорулатууга мүмкүнчүлүк таба алды. Азыркы учурда пенсиянын өлчөмү 1426 сомдун ордуна 2120 сомду түзөт. Республикадагы пенсионерлерди социалдык жактан коргоо максатында 2010-жылдын 1-январынан баштап өлчөмү 4000 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сом өлчөмүндө электр кубаты үчүн компенсациялык төлөмдөр белгиленген. Азыр электр кубаты үчүн жаңы өлчөмдөрдөгү компенсациялык төлөмдөрдү каржылоого муктаждык 1249 млн. сомду түзөт. 2010-жылдын 1-мартынан баштап, белгиленген 10% инфляция деңгээлинде пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 15%га же орточо 190 сомго жогорулатуу белгиленүүдө. Тактап айтканда 2009-жылдагы пенсияны 50%га жогорулатуу эффектиси келерки жылы да сакталмакчы. Пенсиялар жогорулагандан кийин пенсиянын орточо өлчөмү электр кубаты үчүн компенсациялар менен бирге 2429 сомду түзөт. Пенсияны жогорулатууга болгон кошумча муктаждык 2010-жылы 1020,6 млн. сомду түзөт.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|