Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо
Топтоочу системасынын элементтерин киргизүү пенсияга көбүрөөк өлчөм менен чыгууга, жыйналган акчанын экономикага улушун көбөйтүүгө, капитал рыногунун түзүлүшүнө жана анын туруктуу абалга келүүсүнө, ошондой эле пенсиялык активдерди инвестициялоонун эсебинен экономикалык өсүшкө жетүүгө мүмкүндүк берет. Топтоочу пенсиялык системаны 2010-жылдын 1-январынан баштап киргизүү белгиленүүдө. Азыркы учурда бул системаны киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулук базасы даярдалып, топтоочу пенсиялык системаны киргизүүнүн мааниси жөнүндө маалымат шитери жүргүзүлүүдө.
ТОПТОЛУУЧУ ПЕНСИЯЛЫК СИСТЕМАНЫ КИРГИЗҮҮНҮН МУКТАЖДЫГЫ ЖАНА МАКСАТТАРЫ
Топтолуучу пенсиялык системаны киргизүүнүн муктаждыгы
Азыркы мезгилде Кыргызстанда тилектештик принцибине негизделген бөлүштүрүүчү пенсиялык схема иштейт. Өткөн жүз жылдыктын токсонунчу жылдарынын ортосунда камсыздандыруу принциптерин киргизүү боюнча реформанын жүрүшүндө структуралык кайра түзүүлөр жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында пенсиялык камсыздоонун мыйзамдык негиздери, пенсияга чыгуунун жаш чектери өзгөртүлдү, жеңилдиктер жоюлду, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү киргизилди. Камсыздандыруу кайра эсептөөлөрүнүн шарттары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана социалдык жардамдын принциптери аныкталды. Мунун натыйжасында социалдык камсыздандыруу системасы институционалдык жактан чыңдоого, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн үстүнөн бардыгын кучагына алуучу көзөмөлдөөгө, камсыздандырылган адамдын эмгек акысынын жана каражаттарды төлөөнүн ортосундагы байланышты бекемдөөгө, социалдык камсыздандыруу органдарынын негиздерин чыңдоого жана статустарын жогорулатууга жетишилди. Бул өз кезегинде камсыздандыруу базасынын өсүүсүнүн оң ыргагына, төлөнүүчү пенсиялык каражаттарды этап-этабы менен көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусунун каржылык абалын турукташтырууга жетишүүгө таасирин тийгизди. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|