«Кыргыз Республикасынын 2003-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы тууралу отчетту бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинии Эл өкүлдөр жыйыны токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын 2003-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы тууралу отчетту бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын 2003-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын материалдарынын формалдуу каралгандыгы белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: 2005-жылга республикалык бюджеттин додбоорун экинчи окулушта кароого чейин мурда алынган кредиттерди, гранттарды, атайын каражаттарды максатсыз жана натыйжасыз пайдаланууга күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн. бюджетке төлөмдөр боюнча мөөнөттөрдү узартуу боюнча ченемдик актыларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4- жана 46-статьяларынын талаптарына ылайык келтирсин, кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмесин кайра карасын; бюджеттин ресурстук базасына терс таасирин тийгизүүчү болочок кирешелерди тартуу ишин токтотсун; 2004-жылдын 15-ноябрына чейин бюджеттик уюмдардын энергия жана жылуулук менен камсыз кылуучу уюмдардын алдында кредиттик карыздарын жоюу боюнча маселелерди чечсин; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|