Долбоор
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын радиокызматтары пайдалануучу 29,7-960 МГц радиожыштык
КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-августундагы № 339-б буйругу менен жактырылды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталуу менен, байланыш жагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап, радиобайланыштын, телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун кызмат көрсөтүүсүнө болгон талаптардын темпин эске алып, алардын радиокызматтарына зыяндуу өз ара тоскоолдуктарды болтурбоо максатында 29,7-960 МГц радиожыштык тилкесинде радиожыштык ыйгарымдарын координациялоону жүргүзүүнү зарыл деп санап, Электр байланышынын эл аралык союзунун (ЭЭС) Радиобайланыш регламентине ылайык аракеттенүү менен, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:
Ушул Келишимдин максаттарында: - «чек ара жанындагы район» деген термин Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республиканын ортосундагы чек аранын эки жагына жайгашкан аймакты билдирет, бул жерде бир Тараптын радиоэлектрондук каражаттары экинчи Тараптын радиоэлектрондук каражаттарына, деңгээли ушул Келишимдин 5-статьясынын экинчи пункттунда кабыл алынган жол берилген өлчөмдөн ашкан, зыяндуу тоскоолдуктарды түзүшү мүмкүн. - «радиожыштык ыйгарымдарын координациялоо» деген термин радиоэлектрондук каражаттарды орнотууга жана иштетүүгө, алардын радиожыштык ыйгарымдарынын мүнөздөмөлөрүнө ылайык, Тараптардын макулдугун алуунун тартибин билдирет.
Тараптардын укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги эл аралык укуктун жалпы таанылган нормалары, Тараптардын улуттук мыйзамдары жана ушул Келишимдин жоболору менен аныкталат жана жөнгө салынат.
Ушул Келишимди жүзөгө ашыруу боюнча Тараптардын компетенттүү органдары болуп, мындан ары ыйгарым укуктуу органдар деп аталуу менен, тө- мөндөгүлөр саналышат: Кыргыз Республикасы үчүн - Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосу 720005, Бишкек ш., Совет көч., 7-6 Телефакс: 996 312 544-105 Телефон: 996 312 544-103 Е-mail: пtа@ infotel.kg Өзбекстан Республикасы үчүн - Өзбек почта жана телекоммуникациялар агентствосу 700000, Ташкент ш., А.Толстой көч. 1 Телефакс: (371) 133-52-27 Телефон: (371) 133-66-45 Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|