Долбоор
Кыргыз Республикасынын
КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-сентябрындагы № 581 токтомуна ылайык мыйзам долбоору сурап алынган
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2000.19.09 № 581 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-статья. «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында суу объекттери менен суу ресурстарын пайдаланууга акы төлөнөт. Бул Мыйзам суу объектилери менен суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана белгилөөнүн тартиби менен шарттарын жөнгө салат.
2-статья. Жер үстүндөгү жана жер алдындагы суу объектери менен суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөнү белгиленген тартипте алынган лицензиянын жана атайын курулуштар менен техникалык түзүлүштөрдү колдонуунун негизинде сууну пайдаланган бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар акы төлөө субъекттери болуп эсептелет.
3-статья. Суу объектери менен суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-статьясында каралган учурларда алынат.
4-статья. «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-статьясында каралган учурларда суу объектери менен суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы алынбайт же акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу, акы төлөөнү кийинкиге жылдыруу, тарифтик ставкаларды азайтуу же кандайдыр бир мөөнөткө акы төлөөдөн бошотуу түрүндө жеңилдик берүү аркылуу алынат. Суу объектери менен суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы төмөнкүдөй учурларда алынбайт. - «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясынын үчүнчү абзацында каралган учурларда; - башка суу объекттерине санитардык жана экологиялык кое берүү үчүн суу объекттеринен суу алуу; - бөөдө кырсыктарды жана авариялардын кесепеттерин жоюу, өрткө каршы муктаждыктар үчүн суу объектеринен суу алуу; - жер алдындагы сууларды чыгаруу зоналарында жайгашкан 1л/секунддан ашпаган жана 20 метрге чейинки тереңдиктеги кудуктардан, скважиналардан суу алуу; - суу фондун жана суулуу биологиялык ресуртарды, айлана-чөйрөнү суунун зыяндуу таасиринен коргоого байланышкан суу объектириндеги ар кандай иштерди ишке ашыруу; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|