Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык
КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту
I. Жалпы жоболор
1. Кесиптик-техникалык окуу жайы, коомдун жана мамлекеттин кесиптик билим берүү жагынан керектигин камсыз кылуучу жана бардык граждандарга алардын кызыкчылыгы менен жөндөмдүүлүгүнө жараша адистикке жана жумушчу квалификацияга ээ болуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүчү окуу жайы болуп саналат. 2. Кесиптик-техникалык окуу жайлардын негизги милдеттери: - кесиптик-техникалык билимге ээ болуу үчүн жаштарга шарттарды түзүү; - жумушчуларды, кенже адистерди жана ишкерлерди даярдоо, кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик, акционердик жана жеке менчик ишканалардын жана уюмдардын керектөөсүн канааттандыруу; - өзүнүн ишинин сапаты үчүн жоопкерчилик сезими бар жана өндүрүштүк мамилелерди өркүндөтүүгө чыгармачылык менен катышууга жөндөмдүү жумушчуларды тарбиялоо болуп эсептелет. 3. Кесиптик-техникалык окуу жайлар кадрларды төмөндөгүдөй даярдашат: - жашына жана негиз болуп таянган билимине карабастан, граждандарды тереңдетилген теориялык даярдыкты талап кылбаган бир кесип боюнча 2 жумадан 6 айга чейинки мөөнөттө; - жаш өзгөчөлүгүнө карабастан, негизги жалпы орто мектептин билиминен төмөн эмес билими бар граждандарды кеңири профилдүү кесиптерге 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөттө; - толук орто мектептин билиминен төмөн эмес билими бар, жашы 15тен 30 чейинки граждандар кеңири профилдеги кесиптерге 2 жылга чейинки мөөнөттө. Кесиптик-техникалык окуу жайларында кечки (смендүү) бөлүмдөрү (группалары) ошондой эле филиалдары ачылышы мүмкүн алар окуу жайдын структурасына кирет жана КТОЖдун Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кесиптик-техникалык билим берүү боюнча башкы башкармасы бекиткен филиалдар жөнүндөгү Жобонун негизинде иштешет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|