2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын ишке орноштуруу улуттук саясатынын
Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы отчеттук мезгил ичинде мэрия, шаардык жана райондук башкаруу органдары тарабынан 2010-жылга чейин калкты ишке орноштуруу улуттук программасын ишке ашыруу боюнча белгилүү иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. Бул максатта 2010-жылга чейин калкты ишке орноштурууга жардам көрсөтүү боюнча шаардык программа жана ага тийиштүү райондук программалар кабыл алынган. Бул программаларда негизги акцент эмгек рыногунда ишке орноштурууга жардам көрсөтүүнүн активдүү саясатын күчөтүүгө коюлган. Прогнозго карата жогорулатуу менен бардык каржылоо булактарынын эсебинен 9,9 миң жумушчу орундар түзүлгөн. Жумушчу орундарынын санынын өсүшү ишке орношкон жумушсуз жарандардын санынын 3191 адамга чейин өсүшүнө мүмкүнчүлүк берди. Жумушсуздардын ишкерлик иштерине жардам көрсөтүү үчүн шаарда төрт бизнес-инкубатор (№ 17 жана 92 кесиптик лицейлердин, «Айнур» АКсынын жана Кол өнөрчүлөр үйүнүн базасында) иштейт. Жумушсуз жарандарга микрокредит берүү жеке бизнести өнүктүрүүгө да түрткү берет. 3,2 млн.сом суммасындагы микрокредит берүүнүн эсебинен 110 жумушчу орундары түзүлгөн (2006-жылга карата 166,7%). Жаштар эмгек биржасы тарабынан 412 адам ишке орноштурулган. Ишке орноштуруу деңгээлин жогорулатуу үчүн бош жумуш орундарынын 6 жармаңкеси өткөрүлүп, ага 1016 адам кайрылган, алардын ичинен 855 адам жумушка жолдомо алышкан. Бирок, жүргүзүлүп жаткан иштерге жана расмий жумушсуздардын деңгээлинин 2006-жылдын апрель айынын аягында 2,3%дан 2007-жылдын апрель айынын аягында 2,0%га чейин төмөндөгөндүгүнө карабастан белгилүү кемчиликтер бар. Кесиптик окутуу темпи 2006-жылдын ушул мезгилине салыштырганда бир кыйла азайган. Бардыгы болуп окутуу курстарына 435 адам жөнөтүлгөн, бул 2006-жылга салыштырганда 95,4% түзөт. Ленин жана Свердлов райондук миграция жана жумуштуулук боюнча комитеттеринин күнөөлөрү боюнча бул иш аткарылбай калган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|