Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2002.31.01 № 20 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Жалпы жоболор
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун түзүүнүн укуктук негиздерин аныктайт, акы төлөнүүчү жаңы автомобиль жолдорун, көпүрөлөрдү жана аларга башка жасалма курулуштарды курууну уюштуруу жана колдонуудагыларын эксплуатациялоо тартибин, ошондой эле аларды башкаруу тартибин белгилейт, алардан автотранспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн жыйымдарды алууну карайт. Бул мыйзам акы төлөнүүчү автомобиль жолдордун жана алардын жасалма курулуштарынын бардык пайдалануучуларына жайылтылат. Бул мыйзам, ошондой эле акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунан автотранспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн жыйымдардан түшкөн каражаттарды алуу, багыттоо жана пайдалануу тартибин аныктайт. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн жыйымдар алына турган автомобиль жолдору болуп саналат.
1-статья. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул мыйзамдан, «Автомобиль жолдору жөнүндө» жана «Жол фондусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларынан турат. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунун стандарттарынын талаптарын, техникалык нормаларды жана долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо эрежелерин аткаруу менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан жол иштерин жүргүзүүчү бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
2-статья. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунун түрлөрү жана аларды эсепке алуу
Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору аларды түзүү шарттарына ылайык төмөнкүдөй болуп бөлүнөт: - автомобиль жолдорун башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан түзүлүүчү жана эксплуатациялануучу мамлекеттик акы төлөнүүчү автомобиль жолдору; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|