Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-мартындагы № 117-б буйругу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-январындагы № 29-б буйругу менен бекитилген МВФ менен 2002-жылдын 1-октябрынан 2003-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилге экономикалык саясат жөнүндө Меморандум боюнча келишимдин шарттарын аткаруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууда, ошондой эле 2004-2006-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү божомолун өз учурунда жана сапаттуу даярдоо максатында: 1. 2004-2006-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү божомолун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда бекитилсин. 2. Ведомстволор аралык жумушчу топ ушул жылдын 18-мартына чейинки мөөнөттө 2004-2006-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү божомолун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык саясат боюнча кеңешинин кароосуна берсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-мартындагы № 117-б буйругуна тиркеме
2004-2006-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү божомолун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|