Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтү, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2000-2009-жылдарга - Экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимди жетекчиликке алып, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды кеңейтүүдө өз ара кызыгууга негизденип, мындай кызматташтык Тараптардын ортосундагы тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөөрүнө ишенип, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Москва облусунун аймактарында жайгашкан чарбакер субьекттер менен уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты колдоого умтулуу менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы улуттук мыйзамдардын жана мамлекеттер жана өкмөттөр ортосундагы келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрөт.
Тараптар менчигинин түрүнө карабастан, чарбакер субьекттердин ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшөт. Берилүүчү товарлардын жана кызматтардын көлөмү, номенклатурасы жана баасы, ошондой эле өз ара эсептешүү тартиби жана шарттары чарбакер субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерде жана контракттарда көрсөтүлөт, ал чарбакер субьекттер Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун чегинде чарбакер субъекттер түзгөн келишимдерден жана контракттардан келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчиликте болбойт.
Тараптар өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, чийки зат (сырье), эл керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өз ара берүүнү ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Мында, Тараптар алардын ар бирине башкы мааниге ээ болгон товарлардын жана кызматтардын көлөмү менен номенклатурасын камтыган индикативдик тизмени жыл сайын алмашат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|