Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Октябрь айыл өкмөтүндө жана Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айыл өкмөтүндө ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын ордуна жаңы башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиcсиясынын 2006-жылдын 21-февралындагы № 3 токтому менен Аксуу районундагы Октябрь айыл өкмөтүндө жана Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айыл өкмөтүндө ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын ордуна жаңы башчыларын шайлоо дайындалган. Шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө жалпысынан 97350 сом суммасында акча каражаттары талап кылынат. Шайлоо мезгилине 2 райондук жана 7 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлөт. «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 50-статьясына ылайык чыгымдар сметасында шайлоолорду өткөрүүгө шайлоо комиссиялары үчүн төмөнкүдөй чыгымдар каралган: шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө (шайлоо жөнүндө Кодекстин 16-статьясы) жана ишке тартылган адистерге кошумча эмгек акы төлөөгө; шайлоо комиссиялары менен байланышты камсыздоого; транспорттук чыгымдарга; канцеляриялык чыгымдарга; шайлоонун мурунку күнү, шайлоо күнү суткалык акы төлөөгө жана шайлоо күнү комиссиялардын мүчөлөрүн тамактандырууга. Анын ичинде: - орто эсеп менен бир участкалык шайлоо комиссиясын күтүүгө 5950 сомдон 6400 сомго чейин. 7 участканы күтүүгө 43000 сом; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|