Долбоор
Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети менен Молдова
КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 262-б буйругу менен жактырылды
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 77-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети менен Молдова Республикасынын Жаштар жана спорт департаменти, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы мамилени чыңдоо жана салт болуп калган достук байланыштарды өнүктүрүүгө болгон өзара каалоону жетекчиликке алып, жаштардын иши боюнча мамлекеттик органдардын, улуттук, региондук жана башка жаштар уюмдарынын ортосунда өзара кеңири аракеттенүү жолу менен тең укуктуулук принциптерине негизделген эларалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө болгон каалоону ырастап, жаштар саясаты жагында өзара тыгыз байланыштар жана кызматташтыкты түзүү Кыргыз Республикасы менен Молдова Республикасынын жаш муундарынын өкүлдөрүнүн ортосунда өзара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө көмөк көрсөтө тургандыгына ынангандык билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар жаштардын иши боюнча мамлекеттик органдар, улуттук жана региондук жаштар бирикмелери аркылуу жаштар менен иштөө чөйрөсүндө тең укуктуу жана өзара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүп, жаштардын кызматташуусун ыкчамдатууга, жаштарды маданий мурастар менен тааныштырууга, алардын жаштар менен иштөө жагындагы долбоорлор менен программаларды жүзөгө ашырууга катышуусуна багытталган алардын демилгелерин жигердүү колдойт.
Тараптар түзүлгөн тике келишимдердин негизинде жаштар саясаты жагындагы байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдоп жана кармап турат, алар төмөнкүлөр аркылуу жетишилет: - биргелешкен иш, байланышуу жана өзара алмашуу үчүн жагымдуу шарт түзүү; - жаштар саясаты жагында иш тажрыйбаларын алмашуу; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|