Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 10-ноябрындагы № АД-88/09 МД токтому
Иш № АД-88/09 МД Көзөмөл өндүрүшү № 06-489/10 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Максимбекова Д.И., жана судьялар: Алыбаева Н.А., Арапбаев Н.М., катчы: Бекенов Т.О., тараптар: М.Мамытов, анын жана башка доогерлердин өкүлү - К.Абдырахманов (ишеним каты № 1-2486 30.05.2009-ж.), Жалал-Абад областтык керек-жарак коомдор жана кооперативдердин биримдигинин башкармасынын өкүлдөрү - Ы.Джоробаев (ишеним каты № 9 06.11.2010-ж.) жана Ж.Сыдыковдордун (ишеним каты № 10 06.11.2010-ж.) катышуусу менен, ачык соттук отурумда Жалал-Абад областтык керек-жарак коомдор жана кооперативдердин биримдигинин башкармасынын Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 8-октябрындагы чечимине, Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 8-декабрындагы аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды. Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 8-октябрындагы чечими менен М.Мамытовдун доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, арыздын Жалал-Абад областтык керек-жарак коомдор жана кооперативдердин биримдигинин башкармасынын 2001-жылдын 12-февралындагы № 6 токтомду жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү бөлүгү боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулуп, Жалал-Абад областтык керек-жарак коомдор жана кооперативдердин биримдигинин башкармасынын 2002-жылдын 13-августундагы № 11 токтом, Жалал-Абад шаарынын Мэриясынын 2002-жылдын 6-сентябрындагы № 692 токтом жана Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы тарабынан берилген № 415 сериясы № 0023969 мамлекеттик актысы жараксыз деп табылып, арыздын Жалал-Абад областтык керек-жарак коомдор жана кооперативдердин биримдигинин башкармасынын 2002-жылдын 12-июлундагы № 6 токтомду жарактуу деп таап берүү жөнүндөгү бөлүгү кароосуз калтырылып, Жалал-Абад областтык керек-жарак коомдор жана кооперативдердин биримдигинин башкармасынан 10 сом, Жалал-Абад шаарынын Мэриясынан 10 сом жана Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан 10 сом мамлекеттик алым республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья Бекмурзаев А.Т.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|