Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
Иш № АД-87/2010-МБа көзөмөл өндүрүшү № 06-000628/09 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К., судьялар: Алыбаева Н.А., Арстанбаева Д.Э., сот отурумунун катчысы: Калиев Н., тараптар: М.Маасыдыкованын өкүлү - А.Мурзаев, ишеним кат нотариалдык тартипте 2009-жылдын 18-августунда берилген, катышуусунда, соттун ачык отурумунда, М.Маасыдыкованын Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 20-августундагы чечимине көзөмөл тартибинде келтирген даттануу арызы боюнча ишти карады. Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 20-августундагы чечими менен Баткен райондор аралык сотунун 2009-жылдын 16-июнундагы чечими толугу менен алынып салынып, жаңы чечим чыгарылган. М.Маасыдыкованын Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-октябрындагы М.Каратаевге карата чыгарылган № 10-02 токтомун жана жер участогу убактылуу пайдалануу укугунда берилгендиги жөнүндөгү күбөлүктү жараксыз деп табуу жөнүндө жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгын Баткен районунун Көк-Таш айылынын Мин-Булак участкасынан Маасыдыкова М. өздөштүргөн жер участогуна мамлекеттик акты берүүнү милдеттендирүү жөнүндөгү доо арызы канааттандыруусуз калтырылган (төрагалык кылган: Нарынбекова А.О., судьялар: Султаналиев У.К., Айжигитов Б.А.). Иш боюнча судья Д.Арстанбаеванын баяндамасын, М.Маасыдыкованын өкүлү - А.Мурзаевдин даттануу арызды колдогон, М.Каратаевдин өкүлү Т.Алыбаевдин, даттанылган сот актысы мыйзамдуу жана негиздүү болгондуктан күчүндө калтырылууга жатат деген түшүндүрмөлөрүн угуп, соттук коллегиясы тапты: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|