Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ ЭД-117/08.МТ-иши № 06-00121/09.АД-көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу судья Максимбекова Д.И., жана судьялар: Арстанбаева Д.Э., Сыдыков О.С., сот отурумунун катчысы - С.Дооронбаев, тараптар: «Аракет» дыйкан чарбасынын башчысы - К.Мырзакуловдун (паспорт А№ 074 1743), «Чынар» дыйкан чарбасынын башчысы - Т.Мырзакуловдун (паспорт А№ 028 9997) жана Ж. Иманалиевдин (паспорт А№ 095 1661) катышуусу менен, ачык сот отурумунда «Чынар», «Аракет» дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн Бакайата райондук сот аткаруучунун 2007-жылдын 25-апрелиндеги протоколун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Талас областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 15-августундагы аныктамасына жана Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 13-январындагы аныктамасына карата келтирген «Чынар» жана «Аракет» дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, Талас областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 15-августундагы аныктамасы менен «Чынар» жана «Аракет» дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн арызы кароосуз калтырылган. (Төрагалык кылуучу: Султанбеков К.) Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 13-январындагы аныктамасы менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 15-августундагы аныктамасы өзгөртүүсүз, ал эми «Чынар» жана «Аракет» дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн кассациялык арызы канааттандыруусуз калтырылган. (Судьялар: Ибраимов М., Маматбекова А., Калиева К.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы О.Сыдыковдун баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия тапты: «Чынар» жана «Аракет» дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү Талас областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Бакайата райондук сот аткаруучунун Боотерек айылындагы Умар-48 - массивиндеги 987-контурунда жайгашкан 9,22 га болгон жерди өткөрүп берүү жөнүндөгү 2007-жылдын 25-апрелиндеги протоколун жокко чыгарып берүүнү суранган. Биринчи жана кассация инстанциядагы соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөндөй соттук актылар кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|