Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
Иш № АД-161/2009МБа Көзөмөл өндүрүшү № 6-232/10 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Осмоналиев К.Т., жана судьялар: Алыбаева Н.А., Максимбекова Д.И., катчы: Калиев Н., тараптар Ч.Султанбекованын жана Ч.Эрмековдун (2009-жылдын 14-сентябрындагы жана 2009-жылдын 14-июнундагы ишеним каттардын негизинде) өкүлү Аминов Рашит Шамгуновичтин катышуусунда, соттук ачык отурумунда Ч.Султанбекованын өкүлү - Р.Ш.Аминовдун Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги чечимине карата келтирген көзөмөл даттануусу боюнча иш каралды. Ал чечим менен Баткен областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 26-ноябрындагы чечими алынып салынып, жаңы чечим кабыл алынуу менен У.Еркинбаеванын доо арызы канааттандырылган. «Халмион-Агрохимия» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2003-жылдын 4-сентябрындагы жалпы чогулушунун № 6 буйругуна жана «Халмион-Агрохимия» жоопкерчилиги чектелген коому менен жеке ишкер Ч.Эрмековдун ортосунда түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишими жана бул келишимдин негизинде Халмион айыл өкмөтү тарабынан 4-сентябрь 2003-жылы № 89 сандуу Ч.Эрмековдун атына чыккан, Халмион айыл өкмөтүнүн чегиндеги Халмион базарынын жалпы 4,60 га жер аянтын жеке менчикке бекитилип берилген токтому, У.Кахаровдун 29-июль 2009-жылдагы ишеним катынын негизинде иш жүргүзүүчү А.Мингбаевдин аркылуу Ч.Султанбекованын ортолорунда 2009-жылдын 29-июлундагы түзүлгөн сатуу, сатып алуу келишимдерди жараксыз деп табылган. Жоопкерлер Халмион айыл өкмөтүнөн 30 сом мамлекеттик алым жана Ч.Эрмековдун биргеликте 500 сом соттук чыгымдар мамлекет пайдасына өндүрүлгөн (Төрагалык кылуучу судья Нарынбекова А.О., судьялар Токтогулова Г.Т., Айжигитов Б.). Баткен областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 26-ноябрындагы чечими менен доогер У.Еркимбаеванын Кадамжай районунун Халмион айылдык өкмөтүнүн 4-сентябрь 2003-жылдагы № 89 сандуу токтомун, Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын 5-сентябрь 2003-жылдагы № 0023604 мамлекеттик актыны жана 29-июль 2009-жылдагы Ч.Эрмеков менен Ч.Султанбекованын ортосунда түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган (Төрагалык кылуучу судья Абдугапаров А.А.). Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К.Осмоналиевдин баяндамасын угуп, соттук коллегия, Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|