Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-18/09 МН - иши № 06-00348/09 АД - көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Аманалиева Б.К., жана судьялар: Мухамеджанов А.Дж., Сыдыков О.С., cоттук отурумунун катчысы: Калиев Н., тарап: А.Асаналиевдин катышуусу менен, соттун ачык отурумунда жаран А.Асаналиевдин Нарын областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 25-мартындагы чечимине, ал чечим менен А.Асаналиевдин Куйручук айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июлундагы № 177 чечимин жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз кайтарылган (төрагалык кылуучу: Курманбаев Ж.А.), жана Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 27-майындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал аныктама менен биринчи инстанциядагы соттун чечими өзгөртүүсүз, ал эми А.Асаналиевдин апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылган (судьялар: Ибраева Дж., Керимкулова А., Рахматов Т.). Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы О.Сыдыковдун баяндамасын, тараптын пикирин угуп, соттук коллегия тапты: Жаран А.Асаналиев Нарын областынын райондор аралык сотуна Куйручук айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июлундагы № 177 чечимин жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арыз менен кайрылган. Арызда, 1966-жылы Нарын областынын Жумгал районунун «Кызыл-Туу» айылынан жер участогун алып үй салгандыгы, 1973-жылга чейин Жумгал райондук финансы бөлүмүндө, быткомбинатта иштегендиги, Бишкек шаарына кызматы боюнча которулуп кеткендиги, үйдөн көчүп кеткенден кийин туугандарын киргизип койгондугу, Куйручук айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июлундагы № 177 чечими менен А.Асаналиевге тиешелүү болгон үйдү квартирант А.Биймурзаевдин менчигине берип койгондугу жана Жумгал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2005-жылдын 4-февралында каттоодон мыйзамсыз өткөндүгү көрсөтүлүп, анын койгон талаптарын канааттандыруу суралат. Биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор тарабынан жогорудагыдай соттук актылар кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|